Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26

Amnesty International ишкер Сыргак Кенжебаев тууралуу Башкы прокуратурага кайрылды


Сыргак Кенжебаев. Архивдик сүрөт.
Сыргак Кенжебаев. Архивдик сүрөт.

Amnesty International укук коргоо уюму Бишкектин №1 тергөө абагында камалып жаткан ишкер Сыргак Кенжебаевди соту башталганча эркиндикке чыгарууну өтүнүп, Башкы прокуратурага кайрылды.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун атына жолдонгон кайрылууда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) COVID-19 пандемиясына байланыштуу абактарды болушунча бошотуу тууралуу сунушу бар экени, Кенжебаев астма менен ооруй турганы жана эгер ага коронавирус жукса кесепети оор болору айтылды.

Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директорунун орун басары Денис Кривошеевдин атынан жазылган кайрылууда ошондой эле “Азыр ал отурган 24 чарчы метрлик бөлмөдө дагы он адам жатат” деп белгиленди.

Кенжебаевди 2019-жылы 19-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алматы аэропортунан кармап, Кыргызстанга алып келген.

УКМК Кенжебаев «ири өлчөмдөгү алдамчылык» боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.

Кармалгандан кийин ишкер УКМКга камакка алынып, кийин №1 тергөө абагына которулган. Атайын кызмат ишти иликтөөнү да ИИМге өткөрүп берди.

Кенжебаев - жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы Ширин Айтматованын күйөөсү. Ширин Айтматова - Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Ал оппозициялык «Үмүт 2020» кыймылын негиздеген. (RK)

XS
SM
MD
LG