Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

"Ата Мекен" фракциясы Маданият–Жалал-Абад жолунун курулушун талкуулады


Учурда бүтпөй турган Маданият - Жалал-Абад жолунан унаалар каттап жатат.
Учурда бүтпөй турган Маданият - Жалал-Абад жолунан унаалар каттап жатат.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясы 12-июндагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки автомобиль жолунун курулушу боюнча маселени талкуулады.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолдун 67 чакырым тилкесин куруу долбоорун ишке ашыруу тууралуу маалымат угулду. Жолдун курулушу кечеңдеп жатканы айтылды.

Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү ал жакта куруу иштери беш айдан бери токтоп турганын айтып, буга кыш келип, андан соң коронавируска байланыштуу карантин киргизилгени себеп болгонун белгиледи.

Кыргыз өкмөтү Бишкек-Ош автожолунун Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки тилкесин куруу тууралуу макулдашууга Евразия өнүктүрүү банкы менен 2014-жылы кол койгон. Макулдашууга ылайык, банк 60 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгон. Маданият айылы коңшу Өзбекстандын Пахтабад району менен чектешет. (RK)

XS
SM
MD
LG