Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Латын Америкасында 1,5 миллион киши коронавируска чалдыкты


Бразилиянын Манаус шаарында коронавируска чалдыккандар дарыланып жаткан оорукана, 20-май 2020-жыл.
Бразилиянын Манаус шаарында коронавируска чалдыккандар дарыланып жаткан оорукана, 20-май 2020-жыл.

Латын Америкада коронавируска чалдыккандардын саны 1,5 миллиондон ашты. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, алардын 803 миңдейи 210 миллиондой калкы бар Бразилияга туура келет.

Бул өлкө COVID-19 илдетинен кайтыш болгондордун саны боюнча Британиядан ашып өтүп, АКШдан кийинки экинчи орунга чыкты. 11-июндагы маалыматка ылайык, Бразилияда соңку бир күн ичинде коронавирустан көз жумгандар 1239 кишиге көбөйүп, жалпы саны 41 миңге чукулдады. Бир суткада 30 миңдей адамдан вирус табылды.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар көбөйүп жатканын, андыктан пандемия аягына чыга электигин эскерткен.

Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарынан башталган вирус 12-июнга карата дүйнөнүн булуң-бурчундагы 7 миллион 527 миңдей адамга жукту. Кеминде 421 миңден ашуун бейтап өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен кайтыш болду. Орусияда коронавирусту жугузуп алгандар 500 миңден, АКШда 2 миллион кишиден ашты.

XS
SM
MD
LG