Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:37

Курсан Асановдун соту уланды


Курсан Асанов сот залында. 28-февраль, 2020-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жана аны менен кошо айыпталып жаткан эки адамдын соту уланды. 12-июндагы отурумда Асанов тергөөнүн айыптоосу менен таанышып чыкканын, бирок ага таптакыр макул эместигин, себеби өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын айтты.

Соттолуучулардын бири Турсунбек Бейшенбековдун жактоочусу ишти судья Адылбек Эсенбаев карап жатканына каршылык билдирди. Сот адвокаттын бул өтүнүчүн канааттандырган жок.

Курсан Асанов «2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишеничтен кетти» деген жүйө менен кызматтан алынган.

Кийин Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда бул иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Соттук териштирүү 14-февралда башталган. Курсан Асанов өзү 2019-жылдын 27-августунан бери үй камагында.

Кой-Таш окуясында атайын кызматтын бир офицери курман болгон, жүздөгөн адам жараат алган. Атамбаев ошондон бери УКМКнын тергөө абагында отурат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG