Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Сот «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандарды күнөөлүү деп тапты


Жеңиш аянты. 8-март, 2020-жыл.
Жеңиш аянты. 8-март, 2020-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл 8-мартта Жеңиш аянтында «Аялдардын шериктештик маршын» уюштурууга аракет кылгандар боюнча ишти карап, маршка чыккандарды күнөөлү деп тапты. Бул тууралуу “Азаттыкка” маршта кармалгандардын бири, адвокат Евгения Крапивина билдирди:

“Сот Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын чечимин күчүндө калтырып, бизди күнөөлүү деп таап, 3 миң сом өлчөмүндө айып төлөөгө милдеттендирди. Бүгүн милиция марш мыйзамсыз экенин жана катышуучулар тарап кетиши керектигин эскерткени тууралуу видео далилин алып келди. Видеодо көрүнгөндөй, биз ал жерде жөн эле турабыз. Мен, жада калса, калпак кийген белгисиз адамдар келген учурда башка жакты карап, балдарымды издеп жатканым көрүнүп турат. Милиция кызматкери артымдан келип, колумду кайрып, алып кеткенин да көрүүгө болот. Сот аларды мыйзамдуу деп таап, түздөн-түз ишин аткарышканын билдирди. Биздин кайрылуубузду канааттандырган жок”.

Крапивина соттун чечимине макул эместигин айтып, 10 күндүн ичинде Бишкек шаардык сотуна апелляция арызын жазарын кошумчалады.

Быйыл 8-мартта Бишкекте Жеңиш аянтындагы митингден кийин милицияга жалпысынан 11 адам жеткирилген, алардын алтоо кыз-келиндер, бешөө эркек болчу.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы Свердлов райондук милициясында аларга карата протокол түзүлгөнүн, кармалгандар айыппул төлөөгө милдеттендирилгенин кабарлаган. «Феминалле» жана «8/365» коомдук уюмдарынын 8-марттагы митинги уруксатсыз уюштурулганын белгилеген.

Райондук милиция маршка чыккан беш катышуучуну “милициянын мыйзамдуу талаптарына баш ийген жок” деп, ар бирине 3 миң сомдон айыппул салган болчу. Алардын үчөө («8/365» кыймылынын мүчөсү) мындай чечимге макул болбой, сотко кайрылган.

«Аялдардын шериктештик маршы» деген ураан менен акция өткөрүү пландалып жаткан учурда ал жерге беткап, калпак кийген белгисиз адамдар барып, акцияны үзгүлтүккө учураткан. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташкан.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда бир нече аял үй-бүлөлүк зомбулуктан каза тапты. 1-январда Кочкордо 37 жаштагы келин, 3-январда Баткенде 26 жаштагы келин күйөөсүнүн ур-токмогунан көз жумган. 4-январда Каракол шаарында аялына бензин чачып өрттөгөн эркек кармалган. 12-февралда Сокулукта 42 жаштагы келинге күйөөсү бензин чачып, өрттөп жиберген. 6-мартта Бишкекте мурда сот болуп иштеген адам аялын бычактап өлтүргөн. 3-апрелде Бишкекте бир келин төртүнчү кабаттан секирип кетип, ооруканага түшкөн. Социалдык түйүндөрдө ал зордуктоодон качканы айтылган.

2018-жылы ала качуудан куткарылган Бурулай милициянын имаратында бычакталып өлтүрүлгөн. (RK/GT)

XS
SM
MD
LG