Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

HRW казак бийлигин активист Тулесованы бошотууга чакырды


Активист Асия Тулесова.
Активист Асия Тулесова.

"Human Rights Watch" укук коргоо уюму (HRW) Казакстандын бийлигин "полицияга зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган белгилүү активист Асия Тулесованы дароо бошотууга чакырды. Уюм активист чектен ашкан айыптар менен камалганын, бул полиция менен соттордун кызматынан кыянат пайдаланып жатканын күбөлөй турганын белгиледи.

"Тынч митингдерди чектөө жана Тулесованы кылмыш жообуна тартуу аракети Казакстандын репрессивдүү жүзүн көрсөтөт", - деп билдирди баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Ритман.

36 жаштагы Тулесова 6-июнда Алматыдагы митинг маалында кармалган. Ал күнү полиция Казакстандын бир нече шаарында "Тынч жыйындар жөнүндө" нааразылык билдирип чыккан жүздөн ашуун адам кармап кетип, көбүн ошол күнү кечинде бошоткон.

Тулесова митинг маалында тартип коргоочулардын биринин шапкесин чаап жибергени чагылдырылган видео Интернетке таркап кеткен. Активист кыз ал полициянын мыйзамсыз аракеттерине жооп катары ушул кадамга барганын айткан.

10-июнда сот Тулесованы "полиция кызматкерине зомбулук көрсөткөн" деген айып коюп, он күнгө убактылуу тергөө абагына камаган. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

9-июнда укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү президент Касым-Жомарт Токаевге атайын петиция менен кайрылышты. 1800 адам кол койгон кайрылууда Тулесованы бошотуу жана соңку жылдардагы митингдер маалында болгон полициянын аракеттерин көз карандысыз иликтөө талаптары жазылган.

XS
SM
MD
LG