Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Роза Отунбаева "COVID-19га каршы эл аралык кызматташтык" форумуна катышты


Роза Отунбаева. Архивдик сүрөт.
Роза Отунбаева. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева Кытай, Орусия, Түштүк Африка, Европа жана Латын Америка өлкөлөрүнүн аналитикалык борборлорунун онлайн форумуна катышты.

Форум "COVID-19га каршы күрөшүү боюнча эл аралык кызматташтык" деген тема менен өттү. Иш-чараны "Кытай жана глобалдашуу борбору" (CCG), Кытайдын Социалдык илимдер академиясы (CASS) жана башка бир катар кытайлык мекемелер уюштурду.

Англис тилинде сүйлөгөн сөзүндө Роза Отунбаева кыргыздын “Өлбөгөн жанга жаз келет” деген сөзүн келтирип, азыр дүйнө абдан оор учурда жашап жатканын, ошентсе да бул кыйын кезеңди татыктуу жеңерине ишенерин айтты:

“Ооба, биз кан майдандабыз. Анткен менен бул согушта адамзаттын баары бир тарапта, душманы - көзгө илешпеген вирус. Азыркы пандемия - глобалдык феномен. Тарыхта мурда кийин болуп көрбөгөндөй адам баласын сынап, анын биримдигин текшерүүдө. Пандемия баарыбызды бириктирди, барган сайын ынтымак күчөп барат. Аны менен күрөшүү, айрымдар ойлогондой, өз алдынча болбойт. Вирус бай-кедей, түндүк-түштүк, азиялык же европалык, автобус айдоочусу же премьер-министр деп бөлбөйт. Баарыбыз адамбыз. Ага каршы бирдейбиз!”

Ошону менен катар Роза Отунбаева климаттык өзгөрүүнү токтотуу үчүн да чогуу иш жүргүзүү зарыл экенин айтты. Жаштарды жумушсуз калтырып жаткан, тыным билбей өнүккөн жаңы технологияларды туура жана максаттуу пайдалануучу чечимдерди кабыл алуу керектигин белгиледи. Гендердик теңчиликти да көз жаздымда калтырбай, аялдардын коомду өзгөртүүдөгү, өнүктүрүүдөгү ордун табуусуна, аял менен эркектин теңчилигине карай үзгүлтүксүз аракеттенгенүүгө чакырды.

Декабрь айында Кытайдын Ухань шаарынан башталган коронавирус 12-июнга карата дүйнөнүн булуң-бурчундагы 7 миллион 527 миңдей адамга жукту. Кеминде 421 миңден ашуун бейтап кайтыш болду.

Кыргызстанда 18-марттан 12-июнга чейин коронавирус 2166 адамдан табылды, алардын ичинен 26 бейтап кайтыш болду, 1668 бейтап айыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG