Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:32

Президент жергиликтүү сотторго 16 талапкерди судьялык кызматка дайындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаардык сотуна бир, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна 13, Чүй облусунун жана Бишкек шаардык административдик сотуна бирден судьяны дайындоо боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 12-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, Судьяларды тандоо боюнча кеңеш өлкө башчыга жергиликтүү сотторго жалпы 17 талапкерди судьялык кызматка дайындоо тууралуу сунуш берген.

6-июнда Сооронбай Жээнбеков талапкерлердин айрымдары менен маектешип, 16 талапкерди кызматка дайындоого макулдук берип, бирөөнүн материалдарын кайра Судьяларды тандоо боюнча кеңешке кайтарды.

Кызматка жаңы дайындалган судьялардын аты-жөнү жарыяланды. Бирок талапкерлиги артка кайтарылган адамдын ысымы айтылган жок. (BTo)

XS
SM
MD
LG