Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) жетекчиси Тедрос Аданом Гебрейсус глобалдык пандемияга каршы ар бир өлкө өз алдынча күрөшүп жатканына кабатыр экенин билдирди.
12-июнда болгон басма сөз жыйынында «пандемияны биригүү жолу менен гана жеңсе болот» деди.
АКШдагы Жон Хопкинс университетинин 12-июнга карата эсеби боюнча 7,5 миллион кишиге оору жугуп, каза болгондордун саны 425 миңден ашты. Дүйнөнүн эки ири өлкөсү АКШ менен Кытай COVID-19дун келип чыгуусу боюнча талаш-тартышын улантууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун «Кытайды жактайт» деп айыптап чыкты. Ал арада АКШ бул оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Кошмо Штаттарда COVID-19 вирусу 2 миллион кишиге жугуп, 114 миң адам көз жумду. Америкада күн сайын 20 миң адамдан коронавирус чыгып жатат. (BCh)