Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:47

Экс-депутат Болот Шер реанимацияга түшүп калды

Болот Шер.
Болот Шер.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Болот Шер инсульт болуп ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна анын бир тууган иниси, парламент депутаты Садык Шер-Нияз билдирди.

Анын сөзүнө караганда, Болот Шер Улуттук госпиталга 11-июнда жаткырылган. 12-июнда комага түшүп калып, дарыгерлер ушул тапта абалын орточо оор деп баалап жатат. Садык Шер-Нияз агасы буга чейин да инсульт болгонун айтты.

Болот Шер Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, 2010-жылы ички иштер министри болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG