Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Парижде ресторандар менен дүкөндөр жабылды


Париж.

Франциянын баш калаасында расизмге каршы демонстрациялардан улам карантинден кийин ачылганын ресторандар менен дүкөндөрдү шаар бийлиги кайра жапты.

Демонстрация зомбулук менен коштолорунан чочулаган бийлик ишкерлерге көчөдө өрттөөгө, талкалоого мүмкүн болчу эч нерсени калтырбоону сунуштады. Демонстрациялар Парижде 10 адамдан ашык чогулбоо буйругуна карабай өтүп жатат.

Париждиктер 2016-жылы полиция участогунда белгисиз себептерден улам көз жумган ындыкара Адам Траорени колдоо иретинде көчөгө чыгышып «Адамга жана полициядан жабыркагандардын баарына адилеттик» деген чакырыктарды жасашууда.

АКШда ындыкара Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин Франциянын Марсел, Леон шаарларында бир нече ирет расалык теңсиздикке каршы демонстрациялар болду.

Британиянын полициясы 13-июнда чогулгандарга каршы катуу чараларды кабыл алды. Расалык теңсиздикке каршы акциялар Прага, Тайпей жана Австралиянын айрым шаарларында да өттү. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG