12-июнда Бишкекте саат 13:20 чамасында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банк каракталды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, беткапчан эки киши банкка курал менен кирип келип банктын кызматкерлерин, күзөтчүсүн коркутуп кассадагы акчаны алып кетишкен. Мекеменин күзөтчүсүндө желим дубинкадан башка эч нерсе болгон эмес.
Бул факт Бишкек шаардык милициясына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Каракчылык» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Уурдалган акча эсептелүүдө.
Интернетке тараган тасмада эки киши имараттын ичине кирип, бирөө адамдарды бир бөлмөгө камап, экинчиси акчаны алып жатканын көрүүгө болот. Милиция окуя кайсы банкта болгонун ачык айткан жок. Айрым сайттар күч тармагындагы жеке булактарына таянып, «Керемет банк» каракталганын жана шектүүлөр 2 млн. сомго жакын акчаны алып кеткенин жазышты. (BTo)