Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Ооганстанда кол салуудан 17 киши каза болду


12-июнда Кабулдагы мечитте болгон жардыруу.
12-июнда Кабулдагы мечитте болгон жардыруу.

Ооганстандын бийлиги 13-июнда өлкөнүн туш тарабында болгон куралдуу кол салуулардан жалпы 17 адам көз жумганын билдирди.

Кандуу окуялар ооган бийлиги менен талибдердин өлкөнү башкарууга багытталган сүйлөшүүлөрү учурунда катталды.

Хост провинциясында куралдуу кол салуудан сегиз киши өлдү. Алардын катарында 2019-жылы парламенттик шайлоого талапкерлигин койгон Абдул Вали Ихлас да бар. Логар провинциясында бир үйгө болгон кол салуудан бир аял үч кызы менен, Бадахшанда элдик отряддын командири үч жардамчысы менен өлтүрүлдү.

Тахар провинциясында жана Кабулда бирден адам киши колдуу болду. 12-июнда талибдер Хор провинциясындагы полиция участогуна кол салып, 10 кызматкерди өлтүрүшкөн. (BCh)

XS
SM
MD
LG