Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 78 адам жаңы катталды. Бул тууралуу 14-июнда коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди.
Алардын эң көбү Бишкек шаарында – 50 адам. Чүй облусунда 13, Ысык-Көлдө эки, Нарында үч жана Жалал-Абад менен Талас облусунда бештен киши.
Коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 69 бейтап айыгып, 14-июнда үйүнө чыкты. Бишкек шаарынан – 36 адам, Чүй облусунан тогуз, Ош шаарынан төрт, Ош облусунан эки, Нарындан 15, Баткен облусунан үч киши сакайды.
Жалпысынан 18-марттан 14-июнга чейин өлкөдө коронавирус 2285 адамдан табылды, алардын ичинен 27 бейтап кайтыш болду, 1791 бейтап айыкты. (BTo)