Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:34

Бөйрөгү ооруган 174 адам бюджеттин эсебинен диализ ала баштайт


Оштогу гемодиализ борбору.
Оштогу гемодиализ борбору.

Өнөкөт бөйрөк кемтиги менен жабыркап, өз каражатына гемодиализ алып келаткан 174 бейтап бюджеттин эсебинен диализ алууга которулду. Бул үчүн өкмөттүн буйругу менен 75 млн. сом бөлүнгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматка караганда, алар дээрлик жарым жыл гемодиализди өз акчасына алып келишкен. Бейтаптарды мамлекеттик, бекер диализге которуу боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясынын жыйынтыгы менен эми 174 киши 15-июндан баштап бекер дарылана баштайт.

Ушул тапта Кыргызстанда 1691 адам бюджеттин эсебинен гемодиализ алат. Анын ичинен 1408 кишинин дарылануусун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду каржылайт. Мамлекеттик жеке өнөктөштүк долбоору 283 бейтаптын чыгымын мойнуна алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG