Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Анжиянда адамды кыйноого алган ички иштер кызматкерлери камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-июнда Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Анжиян шаарынын ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери кармалганын маалымдады. 11-июнда шаардын 32 жаштагы тургуну А.Абдукаримов комадан чыкпай каза болгон.

Ал 30-майда шаардагы 4-ички иштер бөлүмүнө суракка барып, денесинде кыйноонун тактары менен ооруканага эс учун билбей жеткирилген. Маркумдун карындашы социалдык тармактарга: «Шаардагы 4-ички иштер бөлүмүнө агам сопсоо кеткен, эми карагылачы, комада, өлүм алдында жатат», - деген видео тасма тараткан.

Абдукаримов 11-июнда каза болгон. Тергөө амалдарынын негизинде үч тартип сакчысына «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз кармоо жана камоо», «Кыйноо жана башка адамдын ар намысы менен ден соолугуна зыян келтирген басмырлоо» деген беренелер менен кылмыш иши ачылып, камакка алынышты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, акыркы үч жылда көзөмөл органдарына кыйноо, коркутуу жана ар түрдүү кысымдарга байланыштуу 757 арыз түшкөн, алардын арасынан тартип сакчыларына карата 33 кылмыш иши козголгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG