Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Юридикалык билими бар сурдокотормочулардын катарын 14 киши толуктады


Юридикалык билими бар сурдокотормочуларды окутуу учурунда.
Юридикалык билими бар сурдокотормочуларды окутуу учурунда.

Кыргызстанда юридикалык билими бар сурдокотормочулардын базасы жаңыртылып, анын катары окуу курсунун 14 бүтүрүүчүсү менен толукталды. Окуу «ZOOM» онлайн программасы аркылуу 2020-жылдын 11-майынан 8-июнуна чейин өткөрүлдү.

Ушул тапта базада жалпысынан юридикалык билими бар 59 сурдокотормочу бар, анын 42си - Бишкек, 14ү - Ош, экөө Талас жана бирөө Нарын шаарынан.

Базанын жардамы менен майыптыгы бар адамдар жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү юридикалык билими бар сурдокотормочуларды сот отурумдарына, нотариуска, адвокаттык контораларга, тергөө учурларына жана башка ушул сыяктуу укук коргоо иштерине байланышкан иштерге чакырып, кызматын колдонсо болот.

Аталган окуу курстары майыптыгы бар адамдардын укуктук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана 2016-жылы тузүлгөн юридикалык билими бар сурдокотормочулардын базасын жаңыртуу максатында уюштурулууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG