Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:08

Казакстандын саламаттык сактоо министринен коронавирус табылды


Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.
Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов.

Казакстандын саламаттык сактоо министри Елжан Биртановго коронавирус жугуп ооруканага жатты. Бул тууралуу ал 14-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, «Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү. Ошондуктан инфекциялык ооруканага жаттым» деди.

Министр бардык санитардык талаптарды сактаганына карабай илдетти жуктуруп алганын айтып, элди карантин эрежелерин сактоого жана беткап тагынып, коомдук жайларда социалдык аралыкка көңүл бурууга чакырды.

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 14 496 кишиден COVID-19 вирусу табылды. Министрлик 3-июндан тартып вирус жуккан, бирок оорунун белгилери байкалбаган адамдарды өзүнчө эсепке ала баштады. Алар 4402 адамды түзөт.

Коңшу өлкөдө бул илдеттен 73 киши каза болду. Коронавирус табылып көз жумган дагы ондогон адам бул статистикага кошулбай калды. Министрлик муну алар дагы башка оорусу бар үчүн каза болгону менен түшүндүрдү. (BTo)

XS
SM
MD
LG