Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Лукашенконун ыктымал атаандашына айып тагылууда


Виктор Бабарико

Беларуста алдыдагы президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун башкы атаандашы болору күтүлүп жаткан оппозициядагы саясатчы Виктор Бабарико экономикалык кылмыштарга айыптала баштады.

11-июнда оппозициячыга байланышы бар банк менен компанияларга рейд жүргүзүлгөн. 12-июнда тергөөчүлөр Бабарико салыктан качканы жана арам акчаны адалдаганы тууралуу «ынанымдуу далилдери» бар экенин билдиришти.

Президенттин басма сөз кызматы «Белгазпромбанктын» 15 азыркы жана мурдагы кызматкери кармалганын билдирди. Орусиялык «Газпромбанктын» бөлүмү саналган аталган банкты Бабарико президенттик шайлоого аттанарын билдиргенге чейин жетектеп келген.

Оппозициячы рейддерди 9-августка белгиленген шайлоо алдындагы «басым кылуу тактикасы» деп баалап, акыйкат шайлоо өткөрбөш үчүн учурдагы бийлик «болгон каражатты колдонууга даяр» деп билдирди.

Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келген Лукашенко быйылкы шайлоого да катышарын билдирген. Өлкөдө акыркы апталарда анын потенциалдуу атаандаштарын колдогон акциялар, митингдер тыйылбай келет.

Лукашенко атаандаштарына Беларусту бергиси келбей турганын ачык билдирген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG