Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:17

Нарында жайыт талашкандар кайрадан чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

13-июнда кочкорлук чабандардын Кара-Кужур аймагына киришине каршы болгон Нарын районунун тургундары жайлоодо жыйын өткөрүштү курду. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Кара-Кужур аймагына 60тай киши чогулган. Кырдаалга милиция көз салып турду. Чогулгандарга өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов жолукту.

Кара-Кужур аймагынын тургуну Нурлан Кашкалиевдин айтымында, Кочкор районунун чабандары Кара-Кужур кыштоосуна мыйзамсыз көчүп келишкен.

"Кара-Кужур - бул кыштоо. Бирок кочкорлук сегиз чабан келип боз үйлөрүн тигип, малын айдап келип алышты. Биз буга каршы чыгып чогулдук. Жыйынга биздин аймактан 100-150 кишидей келди. Кочкордон 200дөй киши келди окшойт. Мыйзамсыз фактылар болгон жок. Бирок талаш курч болду", -деди Кашкалиев.

Кочкор районуна тиешелүү Кара-Кужур өрөөнүн Нарын району жайытка пайдаланууга узак мөөнөткө алган.

Кыргызстан боюнча узак мөөнөткө пайдаланууга алган жайыттардын убактысы 2020-жылы бүтмөк. Бирок өкмөттүн токтому менен 2030-жылга чейин узартылган.

Кочкор районунун узак мөөнөткө пайдаланууга алган Нарын районундагы Кум-Бел жайлоосу бар. Бирок кочкорлуктарды ал жайытка Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургундары жол тосуп киргизбей коюшкан. Бул иш боюнча 5-июнда кылмыш иши козголгон. Бирок андан бери жайыт талаш бир жаңсыл чечиле элек. (MiK)

XS
SM
MD
LG