Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:51

АКШда дагы бир афроамерикалыктын өлүмү каршылык толкунун күчөттү


Атлантадагы кезектеги нааразылык толкуну. 13-июнь, 2020-жыл.
Атлантадагы кезектеги нааразылык толкуну. 13-июнь, 2020-жыл.

Кошмо Штаттардын Атланта шаарында ынды кара жигиттин өлүмүнөн кийин аны атты деп шектелген шектелген полициячы жекшембиде иштен кетти. Андан мурдагы күнү Атланта полициясынын башчысы Эрика Шилдс да кызматын тапшырган.

Жума күнү кечинде шаардагы "Wendy’s" ресторанынын алдында эки полициячы менен афроамерикалык адамдын кармашып жатканы видеокамераларга түшүп калган. Полициячылар кишен салууга аракет жасап жатканын, берки киши моюн бербей качканда электрошокер колдонулганын жана ок атылганын да көрүүгө болот. Кийинчерээк ал 27 жаштагы Рэйшард Брукс экени, алган жараатынан ооруканада көз жумганы белгилүү болгон.

Бул окуя Атлантадагы каршылык толкунун кайра күчөттү. Жаалданган топ "Wendy’s" ресторанын өрттөп, кан жолду бөгөштү. Полиция жекшембиге карай 36 киши кармалганын билдирди.

Буга чейин Миннеаполис шаарында полиция кармаган учурда өлгөн Жорж Флойддун таламын талашкандардын, расизмге каршы чыккандардын жүрүштөрү Кошмо Штаттардын аймагына жайылып, башаламандык менен коштолууда.

Расизмге каршы акциялар Британия, Франция баш болгон дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө да өтүүдө.

XS
SM
MD
LG