Коронавирус илдетине каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдиргендей, 15-июнга карата маалымат боюнча акыркы суткада вирус 22 медицина кызматкеринен чыкты. Бишкек шаарында 12, Чүй облусунда 3, Ош шаарында 5, Ош облусунда 2 медицина кызматкери коронавируска чалдыкканы аныкталды.
Бул аралыкта 13 медициналык кызматкер оорудан айыгып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 460 учур катталды, алардын ичинен 354 медкызматкер айыгып чыккан.
Эки дарыгер коронавирус жуктуруп алгандан кийин көз жумган. (ZKo)