Кыргызстандын Эсептөө палатасы 2019-жылы жалпы 141 аудитордук текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында 2,5 млрд. сомдук каржылык эреже бузууну аныктады. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов 15-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде билдирди.
Бул сумманын 1 млрд. 80 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш экенин, ушул күнгө карата анын 40% (415 млн. сом) ордуна коюлганын билдирди.
Марипов мамлекеттик бюджеттин резервдери жана жоготуулары былтыр 28 млрд. сомду түзгөнүн кошумчалады. Мунун ичинен 1 млрд. 45 млн. сому калыбына келтирилиши керек болсо, анын 63% (662 млн. сом) ордуна коюлду. Эсептөө палатасынын маалыматына ылайык, өткөн жылы 2 млрд. сомдой каражат рационалдуу эмес пайдаланылган деп табылды.
Эсептөө палатасы Жогорку Кеңештин аталган комитетинде 2019-жылдагы иши жөнүндө берип жатат. (ErN)