Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка каршы пикет өтүп жатат


Акүйдүн алдындагы пикет. 15-июнь, 2020-жыл.
Акүйдүн алдындагы пикет. 15-июнь, 2020-жыл.

Парламент имаратынын алдында аялдарын укугун коргоо акциясы өтүп жатат. Отуздан ашык активист кагазга жазылган “Мени өлтүрбө!”, “Зомбулукка жол жок!”, “Зомбулукту токтоткула!” деген өңдүү чакырыктарды көтөрүп чыгышты.

Милиция чогулгандарды тарап кетүүгө чакырып, муну пандемияга байланышкан өзгөчө кырдаал абалы менен түшүндүрүүдө.

Окуяга күбө болгон кабарчыбыздын маалыматына караганда, активисттер пикетти улантып жатат. Алар санитардык талаптарга ылайык, 1,5 метрден кем эмес аралыкты сактап, беткап, колкап менен турушканын, эпидемиологиялык эреже бузбаганын айтышууда.

Чогулгандар Сузакта өткөн аптада күйөөсүнүн зомбулугуна кабылган аялдын, жыл башынан бери күйөөлөрүнүн колунан каза тапкан келиндердин окуясына, "Бишкек паркта" 13 жаштагы кызды зордуктаган эркектин сотто акталышына коомчулуктун жана бийликтин көңүлүн буруу максатын көздөшүүдө.

Аялдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу талабы менен жалгыздап пикетке чыгуу чакырыгы “Бишкек феминизм клубунда” жарыяланган.

12-июнда социалдык тармактарда тараган видеодо эркек киши моюнуна эки дөңгөлөк байланган, колу таңылган аялга башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чаап жатканы көрсөтүлгөн. Окуя боюнча 47 жаштагы аял милицияга арыз менен кайрылган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы бул факт боюнча Жазык кодексинин «Уруп-согуп кыйноо» беренеси менен иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Күйөөсү сот чечими менен 15 суткага камалган.

ИИМдин маалыматында быйыл жыл башынан бери өлкөдө 2019 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул былтыркы жылга салыштырганда 65% арбын.

2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 миңден ашуун факты катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган. (AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG