Кыргызстандын өспүрүмдөр футболунун машыктыруучулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, кайрадан ишин жандантууга уруксат берүүнү өтүнүштү.
Алар машыгуунун жоктугу жаш футболчуларга кедергисин тийгизип жатканын белгилешип, машыктыруучулар болсо кирешесиз отурганын белгилешкен.
Машыктыруучулар футболго, спорттун башка түрлөрүнө көп дүйнөдө, анын ичинде коңшу өлкөлөрдө 1-июндан тарта уруксат берилгенин, Кыргызстанда да буга чектөөнү алып салууну суранууда.
15-июнда Кыргызстандын аймагында 87 адамга коронавирус жукканы такталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 2372 адамга жетти. (ErN)