Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

COVID-19: Казак премьер-министри карантинге чыкты


Аскар Мамин.
Аскар Мамин.

Казакстанда саламаттык сактоо министри Елжан Биртанов коронавируска кабылганы аныкталгандан кийин премьер-министр Аскар Мамин да өзүн обочолоп, карантинге чыкты. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Зарина Нурланова "Фейсбуктагы" баракчасына Маминдин анализдери таза чыкканын, ал убактылуу үйүнөн иштей турганын жазды.

Аскар Мамин 12-июнда Жамбыл облусуна барган жана фармецевтикалык заводдун пайдубалын түптөө аземине катышкан. Бул иш сапарда өкмөт башчыны саламаттык сактоо министри коштоп жүргөн.

Елжан Биртановго коронавирус жугуп, ооруканага жатып калганы жекшембиде белгилүү болгон. Министр "Фейсбукка" «Достор, тилекке каршы коронавируска тапшырган акыркы тестим оң натыйжа көрсөттү. Ошондуктан инфекциялык ооруканага жаттым" деп жазган. Ал ошондой эле бардык санитардык талаптарды сактаганына карабай, илдетти жуктуруп алганын айтып, жарандарды карантин эрежелерин сактоого жана беткап тагынууга, коомдук жайларда аралыкты сактоого чакырган.

Соңку маалыматка ылайык, Казакстанда COVID-19ду жугузуп алгандардын саны 19 701ге жетти. Бул илдеттен 77 бейтап көз жумду.

XS
SM
MD
LG