Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:17

Жыштык чыры: “Ала-ТВ” ишканасынын негиздөөчүсү камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Ала-ТВ” ишканасынын негиздөөчүсү Артур Халдаров радио жыштык чатагына байланыштуу кармалып, камакка алынды. Мындай маалыматты Биринчи май райондук сотунун канцелярия бөлүмү “Азаттыкка” ырастады.

Соттун маалыматында “Биринчи Май райондук сотунун 13-июндагы токтому боюнча, шектүү Х. А. А. 12-июлга чейин камакка алынды. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды” деп жазылган.​

“Ала-ТВ” ишканасынын жетекчиси Аскер прокуратурасы тарабынан кармалганы, ал Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча шектелип жатканы кабарланууда.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги коррупциялык иштер боюнча Аскер прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) биргелешип тергөө ишин жүргүзүүдө.

Жыштык сатуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кылмышка шектүү катары Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова 12-майда камакка алынган. Ага уюк байланыш операторлорунун бирине жыштыкты мыйзамсыз кайра каттаган деген айып коюлган.

Кийинчерээк УКМКнын жетекчисинин орун басары баштаган бир нече кызматкери бул кылмышка шектүү катары камалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG