Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Наталья Орейро орус жарандыгын алуу үчүн документ тапшырды


Наталья Орейро кыргыз коомчулугуна аргентиналык "Жапайы периште" ("Дикий ангел") сериалы аркылуу таанымал.
Наталья Орейро кыргыз коомчулугуна аргентиналык "Жапайы периште" ("Дикий ангел") сериалы аркылуу таанымал.

Уругвайлык ырчы жана актриса Наталья Орейро тиешелүү документтерин Орусиянын Аргентинадагы элчилигине тапшырганын билдирди. Ал Орусияга көп саякаттай турганын, Аргентинадагы орус элчилигине бир ирет барганда орус жарандыгын алуу тууралуу ниети бар же жогун сурашканын, ал макул болгонун билдирди.

Орейро орус жарандыгы тууралуу сөздөр Орусиянын Биринчи каналындагы "Вечерний Ургант" программасындагы тамаша сөздөрдөн башталганын кошумчалады.

Актрисанын айтымында, анын орусиялык күйөрмөндары сувенир орус паспортторун белек кылганды жакшы көрүшөт жана анын мындай 15 чакты белеги бар. Орейро Орусияга 2001-жылдан бери такай каттайт. Буга чейин орус жарандыгын белгилүү француз актеру Жерар Депардье менен америкалык актер Стивен Сигал да алган.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги (КМШ) айрым мамлекеттерде, анын ичинде Кыргызстанда Наталья Орейро аргентиналык "Жапайы периште" ("Дикий ангел") сериалы аркылуу таанымал. Ал ырларынын төрт альбомун чыгарган.

XS
SM
MD
LG