Метеорологдордун маалыматына караганда, 16-июнда туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн.
16-июнда түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жамгыр карга айланат.
Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жок. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында,Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35;
Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15...20, күндүз 32...37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 19...24;
Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25 градус жылуу болот.
16-июнда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 18…20°, күндүз 30…35° ысыйт.