Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:34

Москва менен Анкаранын Сирия жана Ливия тууралуу сүйлөшүүсү кийинкиге калды


Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу.
Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу.

Орусия менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин Сирия менен Ливиядагы жаңжал тууралуу 14-июндагы сүйлөшүүсү болбой калды. Сергей Лавров менен Мевлют Чавушоглу жекшембиде телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин аталган өлкөлөрдөгү жагдайды жолугуп талкуулоону кийинкиге калтыруу тууралуу чечим кабыл алышты. Буга чейин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен коргоо министри Сергей Шойгу 14-июнда Анкарага келери маалымдалып жаткан.

Ушул айдын башында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Ливиядагы кырдаалды талкуулоону көздөп жатканын билдирген.

Ливияда 2011-жылы диктатор Муаммар Каддафи бийликтен кулатылгандан бери ич ара согуш токтобой келет. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) арачылыгы менен 2016-жылы түзүлгөн Улуттук биримдик өкмөтү баш калаа Триполини көзөмөлдөп турат. Бирок өлкөнүн чыгыш аймактарын башкарган генерал Халифа Хафтардын «Ливиянын улуттук армиясы» өкмөттү тааныбай, Триполиге дээрлик бир жылдан бери маал-маалы менен чабуул коюп жүрөт.

Генералдын күчтөрүн Орусия, Кытай, Египет, Бириккен Араб Эмираттары жана Иордания колдой тургандыгы кабарланып келет. Түркия БУУ тааныган өкмөткө жардам бериш үчүн Ливияга аскерлерин жөнөткөн.

Өткөн жылы БУУнун адистери Ливияда орусиялык жалданма аскерлер куралдуу кагылышууларга аралашып жүргөнүн ырастаган.

Сирияда быйыл он жылга аяк баскан согушта Орусия президент Башар Асадды колдоп жүрөт. Түркия болсо сириялык айрым козголоңчу топторго жардам берери белгилүү.

XS
SM
MD
LG