2020-жылдын алгачкы беш айында Бишкек шаарында автоунаасынын маңдайкы жана капталдагы айнектерин караңгылатып алган (тонировкалаган) 549 айдоочу аныкталып, айыпка жыгылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады.
2019-жылдын январь-май айларында бул факты 130ду түзгөн жана аныкталган фактылар быйыл төрт эсе арбыган.
Мындан сырткары быйыл беш айда транспортту спирттик ичимдик ичип алып айдаган 1071 (былтыр беш айда 292), жолчырактын кызыл белгисинде өтүп кеткен 18656 (былтыр беш айда 14008) жана айдоочулардын жол белгилерине баш ийбеген 34187 (былтыр беш айда 2544) айдоочу катталды.
ИИМ эреже бузуулардын эселеп көп аныкталышынын себебин борбор калаада Кайгуул кызматы түзүлүп, ишке киргени менен байланыштырууда. Кайгуул кызматы былтыр күздөн тартып Бишкектин айрым райондорунда, быйыл жаздан тартып бардык райондорунда иштей баштаган.
Учурда Ош шаарындагы Кайгуул кызматына талапкерлерди тандоо иштери жүрүп жатат. 1-июлда Ошто жана башка аймактарда да милициянын аталган бөлүмү ишке кирери кабарланган. (ErN)