Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-июль, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Бишкекте тез тамактануучу жайда чыккан өрттөн бир адам каза тапты (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги 6-кичи районунун аймагындагы Сухэ-Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайда өрт чыгып, анда бир киши каза болду. Каза болгон жарандын тек-жайы, өрттүн себептери такталууда.

Өрт өчүрүү кызматынын маалыматына ылайык, 15-июнда түштөн кийин чыккан өрт тандыр нан жапкан жерди, дарыкананы жана тез тамактануучу жайды каптаган.

Бишкекте коомдук тамактануучу жайларда маал-маалы менен өрт кырсыгы катталып келатат. Буга чейин май айынын башында Жибек-Жолу - Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафе өрттөнүп, ал 250 чарчы метр аянтты каптаган. Анда адам өмүрүнө коркунуч келген эмес. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG