Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын экс-директору кармалды


«Кыргыз темир жолу» ишканасынын поезддери.
«Кыргыз темир жолу» ишканасынын поезддери.

«Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору (А.К.А.) коррупциялык аракеттерге шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын кызматтын башкы тергөө башкармалыгы Коррупцияга каршы кызматтын материалдары боюнча аталган ишкананын бир катар жооптуу кызмат адамдары жасаган коррупция жана ири көлөмдө уурдоо фактылары боюнча сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Тергөө тактагандай, «Кыргыз темир жолунун» мурунку жетекчиси ишкананын филиалдарынын жетекчилери жана жеке ишкер (А.А.А.) менен сүйлөшүп, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда көзөмөлгө алынган компаниялар менен биргеликте өз кызыкчылыгы үчүн пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топ түзүп алган. Кылмыштуу аракеттерин ишке ашыруу максатында А.К.А. ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1,5 миллиард сомго жеткирген. Анын негизинде товарлардын баасын жогорулатууга ылайыктуу шарт түзүлгөн.

Ошол эле учурда жогорудагы схемага ылайык, башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган. Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар 8 пайыздан 15 пайызга чейинки каражатты келишим түзүү учурунда “сыйакы” (“откат”) берип турушкан.

Бул схеманын иштеши менен 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейинки учурда мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 млн. сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50% жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган.

УКМК билдиргендей, «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын мурунку жетекчисинин мыйзамсыз иштеринин жыйынтыгында темир жолдору тармагына 22 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталды.

Кармалган экс-директор убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Атайын кызматтан такташкандай, ушул эле иш боюнча июндун башында да төрт киши кармалган.

Айрым басылмалар кармалган кишинин инициалдарына карап, ал «Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы жетекчиси Канатбек Абдыкеримов экенин жазып жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG