Украинада президент Владимир Зеленскийдин "Эл кызматчысы" партиясынын тизмеси менен Жогорку Радага депутат болгондордун теңинен көбү миллионер. Бул тууралуу "Украинанын шайлоочулар комитети" деп аталган жарандык уюм депутаттардын декларацияларын иликтеп-талдап чыккандан кийин билдирди. Ага ылайык, "Эл кызматчысы" фракциясындагы 247 депутаттын 153үндө миллиондон көп гривен акчасы бар экени аныкталган.
Тизменин сап башында мурдагы ишкер Олег Воронько турат жана анын декларациясында 123 миллион гривен, же 4,6 миллион долларын көрсөткөн. Воронько депутат болгонго чейин IT-тармагында ири долбоорлор менен алектенген жана калкты жумушка жайгаштыруу боюнча, зер буюмдарын саткан ишканаларды түзгөн.
"Украина шайлоочулар комитети" депутаттардын өздөрүнүн гана накталай жана банктагы акчалары талданганын, кыймылсыз мүлкү менен баалуу активдери эсептелбегенин билдирди. Ошондой эле алардын түгөйлөрү менен чогуу тапкан акчасы кошулбаганын белгиледи.
Жогорку Раданын азыркы чакырылышында “Эл кызматчысы” партиясы көпчүлүктү түзөт. Өлкөнүн эгемен тарыхында мындай парламенттик көпчүлүк болгон эмес. Соңку парламенттик шайлоо бир жыл мурун болгон.