Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

ЖККУнын парламент жетекчилери жыйын өткөрдү


Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков. 2020-жыл. 15-июнь.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков. 2020-жыл. 15-июнь.

15-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) кеңешинин онлайн конференциясына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында жазылды.

Жыйында 2016-2020-жылдардагы уюмга мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүү боюнча жасалган программанын жыйынтыгы жөнүндө сөз болду. Парламенттик ассамблеянын 2021-2025-жылдарга карата программасынын долбоору талкууланды.

Кыргыз парламентинин төрагасы Дастанбек Жумабековдун айтымында, ЖККУ Парламенттик ассамблеясы иштеп чыккан документтер адам укугу, чек ара, аскердик техникалык кызматташуу, коопсуздук маселелерине арналган.

Жыйынга Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан парламент жетекчилери, байкоочу макамына ээ Сербия, Ооганстан парламентинин депутаттары катышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG