Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Москвада белгисиз киши полиция кызматкерлерине ок атты


Москванын Ленин проспектисиндеги ок атышуудан жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу инспекциясынын эки кызматкери жарадар болду. ТАСС агенттигинин маалыматында, ок тийген полиция кызматкеринин бирине операция жасалды, абалы оор деп бааланууда.

Baza телеграм-каналынын маалыматына ылайык, белгисиз киши полициянын машинесине атайын басып барып ок аткан. Учурда кандай куралдан ок атканы такталып жатат.

"Интерфакс" булагына таянып, ок аткан кишинин аты-жөнү Ратмир Галаев экенин жазды. Агенттик ал 24 жаштагы Ингушетиянын тургуну экенин кабарлады. Кол салуунун себеби азырынча белгисиз. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG