Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Өкмөт башчы кызматына Бороновдун талапкерлиги көрсөтүлөрү кабарланды


Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчы кызматына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун талапкерлигин көрсөтүүдө. Бул тууралуу парламенттеги булак кабарлады. Анын айтымында, көпчүлүк коалиция бүгүн, 16-июнда жыйынга чогулат.

Өкмөт башчынын кызматтан кетүү арызын президент кабыл алгандан кийин Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция талапкерин көрсөтөт.

120 мандаттуу кыргыз парламентинде алты фракция бар. Алардын төртөө - КСДП, «Республика - Ата-Журт», «Кыргызстан» жана «Бир Бол» башкаруучу коалицияда. Ал эми «Ата Мекен» жана «Өнүгүү-Прогресс» оппозициялык азчылыкта.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берди. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген.

27-майда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска эмгек өргүүсүнө чыгып, мунун себебин радио жыштык боюнча тергөөнүн калыс өтүшү менен түшүндүргөн.

Жогорку Кеңештин 20-майдагы сессиясында депутат Жанарбек Акаев Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктеги жыштык сатууга байланышкан коррупция маселесин көтөргөн. Анда депутат өкмөт башчынын бул ишке тиешеси бар-жогун териштирүүнү талап кылган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Айтел» ишканасынын лицензиясынын мыйзамсыз узартылышына байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүп жатканы 24-майда белгилүү болгон.

Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG