Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Өзбекстан Каримова кайтарган акчаны социалдык долбоорлорго жумшайт


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Франция Гүлнара Каримованын 10 миллион доллар активин Өзбекстандын Юстиция министрлиги менен Башкы прокуратурага кайтарып берди. Бул тууралуу өлкөнүн Юстиция министрлиги кабарлады.

Министрликтин коомчулук менен байланышуу башкармалыгы билдиргендей, кайтарылган каражат социалдык долбоорлорго жумшалат жана алар тууралуу ачык маалымат берилип турат.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги Швейцариянын, АКШнын, Франциянын жана Орусиянын тиешелүү органдары менен бирге башка каражаттарды кайтаруу ишин улантууда. Кеп Каримованын дагы 1,3 миллиард доллары жөнүндө болуп жатат.

Каримова опузалап мүлктү менчиктеп алуу, ыксыз сарптоо, кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо боюнча коюлган айыптар менен түрмөдө отурат. Ал жалпысынан 13 жыл 4 айга кесилген.

XS
SM
MD
LG