Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:39

Үсөнбаев: Инфекциянын булагы белгисиз калган учурлар көбөйүүдө


Бишкектеги ооруканалардын биринде. 14-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги ооруканалардын биринде. 14-июнь, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

16-июнга карата коронавируска чалдыкканы аныкталган 100 адамдын ичинен 53 адам байланышта болгондорду иликтөөдө аныкталган. 38 адам инфекцияны кайдан, кимден жана кандай шартта жуктуруп алганын айтып бере алган эмес.

Бишкектеги 57 учурдун көпчүлүгү да ооруну кайдан жуктурганы белгисиз. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-июнда брифингде билдирди:

“Тогуз адам сырттан келгендер, алардын ичинде жүк ташыган автоунаанын айдоочулары. Борбор калаада вирус мекеме-ишканалардын кызматкерлерине да жуккан. Медицина кызматкерлери да оору жуктуруп алып жатышат”, - деди Үсөнбаев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев вирустун көбөйүп жатканын санитардык талаптар аткарылбай, аралык сакталбай жатканы менен байланыштырды. Анын айтымында, коомдук автоунаалардын көбөйүшү, адамдардын эл чогулган жерлерде беткапсыз, эч кандай коргоочу каражатсыз жүргөнүнүн кесепетинен вирус тарап жатат.

16-июнда Кыргызстанда коронавирус 100 адамдан жаңы катталды. Бул пандемия башталгандан бери Кыргызстанда бир сутка ичинде катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

15-июнда 87 учур, 14-июнда 78 учур катталган. Жалпы коронавируска чалдыккандардын саны 2472 адам. Оорудан 1844 адам сакайып кетти. 28 адам коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза тапты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG