Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Индия ири шаарларына кайрадан карантин киргизе баштады


Дарыгерлер эң жакыр аймактардын биринде коронавирус тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мумбай. Индия. 7-июнь, 2020-жыл.
Дарыгерлер эң жакыр аймактардын биринде коронавирус тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Мумбай. Индия. 7-июнь, 2020-жыл.

Катаал чектөөлөр Тамил-Наду штатынын борбору Ченнай шаарына киргизилди. 15 миллиондон ашуун калкы бар бул шаарда карантин июнь айынын аягына чейин созулушу ыктымал.

Тамил-Наду Индияда Махараштрадан кийинки коронавирустан катуу жабыркаган штат. Мумбай шаары жайгашкан Махараштра Индиянын экономикалык жана маданий борбору болуп эсептелет.

Индия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө 4-орунда турат. Бул өлкөдө оорудан 10 миң киши каза тапкан.

Карантин режимин кайрадан киргизген өлкөлөрдүн ичинде Иран да бар. Акыркы суткада Иранда вирустан акыркы суткада жүздөн ашуун киши көз жумду. Мындай көрсөткүч апрелдин ортосунда, вирус күчөп турган учурда катталган.

XS
SM
MD
LG