Акыркы суткада 14 медициналык кызматкер вирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул маалыматты саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-июнда брифингде билдирди.
Алардын ичинен:
• Бишкек шаарында – 5
• Ош шаарында – 3
• Нарын облусунда – 3
• Чүй облусунда – 1
• Ош облусунда – 1
• Талас облусунда – 1
5 медицина кызматкери оорудан айыгып, үйүнө чыгарылды.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 474 учур катталды, алардын ичинен 359 медкызматкер стационардан айыгып чыккан. Экөө коронавирус жуктургандан кийин каза болду. (ZKo)