Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 15:42

Көпчүлүк коалиция премьер-министрликке Кубатбек Бороновду сунуштады


Кубатбек Боронов.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция өкмөт башчылыкка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду сунуштады. Бул тууралуу көпчүлүк коалициянын төрагасы, депутат Иса Өмүркулов коалициянын жыйынында расмий жарыялады.

Ал парламент жаңы шайланып келгенде жаңы өкмөт шайланарын белгилеп, ага чейин өкмөттү аны ичинен билген киши катары жетектеп турушу керектигин билдирди. Ошол себептүү көпчүлүк коалициядагы фракция жетекчилери биргелешип Кубатбек Бороновду техникалык өкмөттүн башчылыгына сунуштап жатканын айтты.

Кубатбек Боронов өзүнүн талапкерлиги сунушталып жатканына ыраазычылык билдирип, программасы менен тааныштырууда. Ал мурдагы өкмөттүн пландарын улантарын кошумчалады.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын 15-июнда берген. Абылгазиевдин арызында радио жыштык боюнча иликтенип жаткан иштер аягына чыга электигине байланыштуу кызматтан кетүү тууралуу чечимди кабыл алганы белгиленген. Анын кызматтан кетүү арызын бүгүн, 16-июнда президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алды. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG