Түштүк Кореядан үч кыргызстандык жаран Казакстан аркылуу Бишкекке жеткирилди. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, алар Казакстандын «Air Astana» авиакомпаниясынын учагы менен Сеул-Алматы багытында келишкен.
Алматыдан Бишкекке атайын автоунаа менен жеткирилген. Медициналык алгоритмге ылайык кайтып келгендер обсервацияга алынды.
Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу боюнча аракеттер уланып жатканын маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, пандемия башталгандан берки учурда Кыргызстанга чет мамлекеттерден кайта албай калган 15 миңге чукул адам кайтарылган. Алардын басымдуу бөлүгү – Орусиядан 9 372 адам чартердик учак жана атайын автобус менен Казакстан аркылуу алып келинген.
Кыргызстандын элчилиги учурда дагы 6 миңден ашуун кыргызстандык жаран мекенине кайтууну каалап кайрылганын кабарлаган.(ZKo)