Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Түндүк Корея Түштүк Корея менен байланыш кеңсесин жардырып жиберди


Кэсондогу байланыш кеңсеси (2018-жыл)
Кэсондогу байланыш кеңсеси (2018-жыл)

Түндүк Корея 16-июнда Түштүк Корея менен чек арадагы Кэсон шаарындагы байланыш кеңсесин жардырып жиберди. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Биригүү боюнча министрлиги билдирди. Пхеньян буга чейин кошуна өлкөгө качкан диссиденттер үгүт баракчаларын жөнөтүп жатышат деп нааразылыгын билдирген. Сеул менен бардык байланыштарды үзөрүн эскертип, кеңседеги телефон чалууларга жооп бербей калган.

"Yonhap" агенттиги атын атабаган булактарга таянып кабарлагандай, жардыруунун добушу алыска чейин угулуп, мурдагы өнөр жай зонасынан кара түтүн чыгып жатканы көрүнүп турду.

Анын алдында түндүк кореялык армия кошунага каршы “бар аракет көрүүгө толук даярдыгын”, демилитаризациялык тилкелерге кайтууга чейин барышарын эскерткен.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын таасирдүү карындашы Ким Ё Чжон өткөн дем алышта “жакын арада эч кандай пайдасы жок байланыш кеңсеси ураган трагедияга күбө болобуз” деп айткан.

XS
SM
MD
LG