Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:53

Трамп Германиядагы аскерлердин санын азайтарын бышыктады


Трамп АКШнын Рамштайндагы базасында. Германия, 27-декабрь 2018-жыл
Трамп АКШнын Рамштайндагы базасында. Германия, 27-декабрь 2018-жыл

АКШ президенти Дональд Трамп Германияда жайгашкан аскерлердин саны 25 миң болуп азайтыларын билдирди. 15-июнда комментарий берип жатып, Трамп Берлинди НАТОнун алкагында кабыл алынган каржы милдеттенмелерин аткарбай жаткандыгы үчүн айыптады.

Америкалык жоокерлерди ал жакта кармоо кымбатка түшкөнүн айтты.

Муну менен өткөн аптадан бери маалымат каражаттарында тарап жаткан кабарды президент өзү бышыктады.

Германияда Европа өлкөлөрүнүн арасынан АКШнын эң чоң аскердик туруктуу контингенти жайгашкан. Алардын саны 9 жарым миңге кыскартылып, айрымдары Польшага жөнөтүлүшү ыктымал.

НАТОнун өкүлдөрү Вашингтондун мындай аракетине тынчсыздануусун билдирген. Германиянын коргоо министри Аннегрет Крамп-Карренбауэр америкалык аскерлер Германиядан чыгарылса, биринчи кезекте Түндүк атлантикалык альянска зыяны көбүрөк тиет деп эскерткен.

АКШдагы айрым конгрессмендер да Ак үйдүн бул кадамы Европада Орусиянын таасирин арттырышы мүмкүндүгүн билдиришкен.

XS
SM
MD
LG