Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:00

Коронавирусту дарылоого 3 миң сомдон 132 миң сомго чейин сарпталат


Ноокаттагы аймактык ооруканада иштеп жаткан дарыгерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Ноокаттагы аймактык ооруканада иштеп жаткан дарыгерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ФОМС) жетекчисинин орун басары Клара Өскөнбаева бүгүн, 16-июнда брифингде билдирди. Анын маалыматына караганда, чыгаша Республикалык жугуштуу оорулар клиникасындагы сарпталган акча боюнча эсептелүүдө.

Өскөнбаеванын айтуусунда бул суммага жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана эмгек акыга кеткен чыгымдар, коронавирусту аныктоочу лабораториялык ПЦР анализдеринин наркы кирбейт. Коронавируска байланыштуу ооруканага жатып, дарылоонун өлчөмү:

Симптомсуз форма - 3030,12 сом

Оорусу жеңил бейтаптар үчүн – 3500,63 сом

Орто даражадагылар үчүн – 10817,78 сом

Оорусу оор даражадагы бейтаптар үчүн – 70427,31 сом

Өтө оор даражадагылар үчүн – 132 837,09 сом.

Мындан тышкары, байланышта болгон адамдарга байкоо жүргүзүү үчүн ооруканаларга 1742 сом төлөнөт.

COVID-19 диагнозу тастыкталган бардык оорулууларды дарылоо, ошондой эле байланышта болгондорго байкоо жүргүзүү социалдык статусуна жана жарандыгынан көз карандысыз түрдө толугу менен акысыз жүргүзүлөт.

COVID-19 илдети менен ооруган бейтаптар үчүн акы ММК фонду тарабынан төлөнөт.

Кыргызстанда 16-июнга карта 100 адамдан коронавирус жаңы аныкталды. Бул пандемия башталгандан берки учурдагы эң жогорку көрсөткүч. Оору жуктургандардын тең жарымынан көбү - 57си Бишкекте.

Жалпы вирус жуктургандардын саны 2472ге жетти. Оорудан 1844 адам айыгып чыкты. 28 киши вирус жуктуруп алган соң каза тапты.

Бүгүнкү күнү стационарда 597 адам дарыланууда. 132 адамдын абалы орточо оор. Алты адам жандандыруу бөлүмүндө. 110 адамдын абалы оор деп маалымдалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG