Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:42

Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи эки айга жылды


Америкалык Кино академиянын Оскар сыйлыгын тапшыруу эки айга жылдырылды. 93-жолу уюштурулуп жаткан салтанат 2021-жылдын 28-февралында адаттагыдай эле Лос-Анжелесте өтмөк, бирок эми 25-апрелге которулду. Себеби пандемия жылдын аягында чыгат деген жаңы фильмдердин үстүнөн ишти токтото турууга аргасыз кылды.

Уюштуруучулар жарышка катышуу мөөнөтүн кийинки жылдын февраль айына чейин узартты. Номинацияга илинген фильмдер 15-марттан тартып жарыяланмакчы. Бирок азем кадимкидей өтөрү же виртуалдык болору азырынча айтыла элек.

Буга чейин Оскарды тапшыруу үч жолу жылып калган: 1938-жылы Лос-Анжелести суу каптаганда, 1968-жылы Мартин Лютер Кинг киши колдуу болгондо жана 1981-жылы президент Роналд Рейганга кол салуу аракетинен кийин жылган. Бирок бир жумадан көп убакытка жылдырылган эмес.

XS
SM
MD
LG