Бүгүнкү күнү президенттин колунан келүүчү бир гана иш калды – ал парламенттик шайлоону акыйкат, адилет өткөрүү. Мындай пикирин саясатчы Бектур Асанов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айтты. Ал учурда Кыргызстандагы бардык күч кызматтары олигархтык-бандиттик кландар үчүн иштеп калды деген пикирде:
“Журналист Али Токтакуновду 100 миң доллар алды деген көрсөтмөнүн өзү бул бийликтин атайын кызматы Райымбек Матраимовдун кланына иштеп жатканын, ошолордун кызыкчылыгын көздөп, адилеттүү маалымат каражаттарына ачыктан-ачык бир кландын кызыкчылыгы үчүн чабуул жасап жатканын көрсөттү”.
Бектур Асанов бүгүнкү саясий кырдаалга жоопкерчилик түздөн-түз президенттин моюнунда деп кошумчалады.
2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда УКМКнын Тергөө башкармалыгынын башчысы Самидин уулу Сагынбек «Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине финансылык каражат берген» деген көрсөтмөлөр болгонун билдирген. «Айеркен Саймаитинин «Азаттыктын» журналистине акча бергенин өзүнөн укканбыз» деген эки күбөнүн видео көрсөтмөсү көрсөтүлгөн.
УКМКнын бул аракетин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жарандык активисттер айыптап чыгышты.
Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай «"Азаттыктын" кабарчысы акча алган» деген маалыматты «журналисттерди каралоо» деп баалады. (ZKo)