Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

USAID коронавирусту текшерген лабораторияларды санарипке өткөрүүдө


Лабораториянын вирусолог адиси.
Лабораториянын вирусолог адиси.

Кыргызстанда коронавирусту текшерүүчү мамлекеттик лабораториялар санарипке өтүп, алардын иштөө сапаты жогорулады. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна USAID агенттигинин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору кабарлады.

Маалыматка караганда, тесттерди текшерүү эми Лабораторияларды башкаруунун маалыматтык системасынын негизинде жүргүзүлөт. Буга чейин мындай система кургак учукка каршы кызматта ийгиликтүү колдонулуп келаткан.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетине караштуу социалдык чөйрөдө санариптештирүү жаатында иштеген «Соцсервис» ишканасынын директору Аман Абдылдаев белгилегендей, «Бул система кургак учукка каршы кызматта өзүн жакшы жагынан көрсөттү. Анын интерфейси колдонууда оңой, ыңгайлуу жана түшүнүктүү. Компьютерди жаңы үйрөнгөн медкызматкерлер да оңой өздөштүрүп алып жатышат».

Жаңы система ондон ашуун лабораторияда иштөөдө. Жалпысынан анын базасына 100 миңдей маалымат киргизилди. Анализдин жыйынтыгын чыгаруу тездеди, лаборатория менен ыкчам бөлүмдүн байланышы жакшырды. Эң негизгиси – ар кандай документтерди буга чейин колго толтуруп жүргөн вирусолог адистер мындай түйшүктөн арылышты.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себептеринин бири болуп эсептелет.

Кыргызстанда бул ооруга кабылгандардын 70% - эмгекке жөндөмдүү курактагылар.

Коронавируска чалдыккандардын саны 18-марттан 16-июнга чейин Кыргызстанда 2472 адам болду. Оорудан 1844 адам сакайып кетти. 28 адам коронавирус жуктуруп алгандан кийин каза тапты. (RK)

XS
SM
MD
LG