Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

ИИМ ишканаларды кайтарууда милициянын кызматын пайдаланууга чакырды


ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери.
ИИМдин Күзөт кызматынын кызматкерлери.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соңку учурда жеке менчик ишканаларды карактоо, тоноо фактылары көп катталып жатканын билдирди.

Маалыматта мындай фактылардын так саны айтылган эмес. Мекеме-ишканаларды кайтаруу үчүн ИИМдин Күзөт кызматына кайрылуу ишенимдүү экенин белгилеген.

12-июнда Бишкекте саат 13:20 чамасында Манас проспектиси менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банк каракталган. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы беткапчан эки киши банкка курал менен кирип келип кызматкерлерди, күзөтчүнү коркутуп кассадагы акчаны алып кеткенин маалымдаган. Мекеменин күзөтчүсүндө желим дубинкадан башка эч нерсе болгон эмес.

Окуяны Бишкек шаардык милициясы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Каракчылык» беренеси менен каттаган. Сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканы кабарланды. Кайсы банк тонолгону, уурдалган акчанын суммасы тууралуу маалымат берилген эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG